Пример HTML-страницы

Жалал-абаддык эки окуучу өздөрү жасаган роботту Америкага алып барышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы окуучулар Америкада робототехника боюнча өткөн сынакта алдыңкы ондукка кирди. Бул тууралуу «Ариет» балдар чыгармачыл борборунун жетекчиси Жыпар Аманкулова билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк сынак 28-апрелден 10-майга чейинки аралыкта АКШнын Техас штатында өттү.

«Ариет» чыгармачыл борбору көп жылдардан бери ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп, шаардагы окуучулардын мектептен кийинки убактысын текке китирбей, ондогон ийримдерди ачып, балдарга кошумча билим берип келебиз. Бүгүнкү күнү да окуучулардын ата-энелеринин, жергиликтүү бийликтин алдында 2023-2024-окуу жылынын аягында биздин балдар багындырган ийгиликтерди көрсөтүп, эл алдында отчёттук концертибизди тартуулап жатабыз.

Узап бара жаткан окуу жылы биздин борбор үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Анткени маданият, билим жаатында Астана, Ташкент жана Ысык-Көлдө өткөн эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды камсыздадык. Ага удаа эле жакында эле ачылып, иштеп баштаган робототехника ийримибиздин окуучулары да бир катар ийгиликтерди багындырды. 28-апрелден 10-майга чейинки аралыкта АКШнын Техас штатынын Даллас шаарында өткөн «Robotics world championship technology» аталышындагы дүйнөлүк чемпионатка катышып, 220 мамлекеттин 8 миңден ашуун катышуучуларынын ичинен алдыңкы ондунду камсыздады. Анда биздин эки окуучу атайын кубиктерди жыйнаган роботту көрсөтүшкөн», — деди Жыпар Аманкулова.

«Ариет» балдар чыгармачыл борбору 1996-жылы «Мээрим» фонду болуп түзүлгөн. 2012-жылдан тарта «Ариет» балдар чыгармачыл борбору болуп өзгөртүлүп, ишмердигин жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө 1300дөн ашык бала билим алган бул жайда 4 багыт боюнча атайын ийримдер бар. Алар көркөм-эстетика, спорттук-техникалык, интелектуалдык жана сценкалык багыт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE