Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддан Таласка кочкорун алып келип көрсөткөн фермерге жеңил унаа беришти (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 2-июнь күнү Айтматов районуна караштуу Аманбаев айылында Сейитказынын Бараковдун жаркын элесине арналган арашан асыл тукум эт багытындагы койлордун көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, көргөзмө асыл тукум кой чарбасын популярдаштыруу, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду. Ага Кыргызстандын 7 дубанынан келген 90 фермер катышты.

«Сейитказы Бараков агабыз каза болуп калды. Ал арашан коюн Талас облусунда алгачкылардан болуп алып келип, мал чарбанын өнүгүүсүнө салым кошкон инсан эле. Ошол себептен анын жаркын элесине арнап, Талас өрөөнүндө арашан койлорду баккан адамдар 1 млн 200 миң сом байге фондун топтоп, сынак уюштурулду. Демөөрчү болуп, 2 үй-бүлө 2 унаа чыгарып беришти. «Жигули» үлгүсүндөгү унаалардын ар бири 150 миң сомдон алынды.

Жалпы 54 байгелүү орундар берилип, баарына баалуу белектер тапшырылды. 1-орун 18 койго (9 койго, 9 кочкорго) берилди. Анан алардын ичинен байгеге коюлган унааларды ала турганын аныктоо үчүн чүчү кулак уюштурулуп, аттары барабанга салынып аныкталды.

Унаанын бирин Жалал-Абад шаарынан келген «Жалал-Абад» аттуу кочкордун ээси алды. Экинчи унааны Айтматов районундагы «Фриза» аттуу койдун ээси алды. Калган 16 койдун кожоюндарына сыналгы берилди», — деди алар.

  • Арашан породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. Арашан породасындагы койлор бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоёт. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

————————————————————

Арашан койлордун башка аймактардагы көргөзмөсү:

1-майда Ысык-Ата районунда арашан породасындагы кой-кочкорлордун республикалык жармаңкеси өткөн. Жармаңкеде асыл тукум койлордун баасы 100 миң сомдон башталып, 5000 долларына чейин сатылган.

Анда 4 тиштүү кочкорлор арасында салмак боюнча 1-орунду Гром аттуу кочкордун ээси жеңип алды. Громдун салмагы 204,5 кг болду. Ээси — Шавкат Тохтиев.

28-апрель күнү Баткен шаарында эт багытындагы куйруктуу койлордун көргөзмөсү өткөн. Ага Казакстан жана Өзбекстандан атайын өкүлдөр чакырылган.

Бул саамалыкта Ош облусунун Араван районунан келген Тургунали Максытовдун арашан породасындагы, 4 жаштагы кочкору 1-орунду алып, кубок жана акчалай сыйлыкка ээ болду. Анын салмагы 189 кг, боюнун узундугу 1 метр 8 см түзөт.

Быйыл 16-январда Аксы районунда уюштурулган асыл тукум койлордун жармаңкесине 145 кг салмактагы арашан породасындагы кочкорду алып келишкен.

2023-жылы Ысык-Көл облусундагы көргөзмөдө Түп районунун Тасма айылынын тургуну Алмаз Дүйшөбаевдин 2 жаш 5 айлык кочкору 180,5 килограммды көрсөтүп, Ысык-Көлдүн эң салмактуу кочкору деп табылган.

2022-жылы Кочкор районундагы көргөзмөдө 1-орунду Ара-Көл айылынын тургуну Каныбек уулу Тимурдун кочкору ээлеген. Анын салмагы 158 кг болгон.

2022-жылы Кемин районунда өткөн арашан породасындагы кой-кочкорлордун көргөзмөсүнө салмагы 190 кг салмактагы Каражорго аттуу кочкор катышкан.

2024-жылдын 9-майында Ысык-Ата районунун тургуну Тимур Турумбековдун чарбасындагы «Геракл» аттуу кочкор 100 миң долларга сатылганы маалымдалган. 2024-жылдын 9-майында Ысык-Ата районунун тургуну Тимур Турумбековдун чарбасындагы «Геракл» аттуу кочкор 100 миң долларга сатылганы маалымдалган.

17-майда Сокулук районунда өткөн асыл тукум малдын көргөзмөсүнө 200 миң долларга бааланган арашан породасындагы кочкор алынып келинген. Бул баа көпчүлүктү таң калдырган. Кыргыз кой багуучулардын коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Сатыбеков арашан породасындагы кой-кочкорлордун сапаты жылдан жылга артып, мындан улам анын баасы дагы жогорулап жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE