Turmush — Жалал-Абад шаарындагы ижарага берилген Жусупбек Бакиев атындагы экопаркта мал жайылып, кароосуз абалда калды. Учурда паркты мэрияга кайтаруу аракети көрүлүп жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы экопарк боюнча жагдайларды тактады.
Аймактык кабарчыга маалым болгондой, экопарктын орду кезинде калаадагы завод-фабрикалардын таштанды таштаган жайы болгон. Кийин ал жерден темир издеп, казышып, ар жери чуңкурга айланган. 2006-жылы экологдор тарабынан ал жерге көчөт отургузуу демилгеси көтөрүлүп, Жалал-Абад облустук экология башкармалыгы тарабынан көчөт тигүү иштери башталган. Башка да мекемелер колдоп, жалпы 4 гектар жерге көчөт тигилген.
Аталган паркты Жалал-Абад шаарынын бийлиги 2008-жылы Жусупбек Бакиев атындагы фондго 49 жылдык мөөнөт менен жашылдандырууга ижарага берген. Андан соң айланасы тосмолонгон. Келишимге ылайык, ижарага алган тарап жерди жашылдандыруу иштерин жүргүзүшү керек болчу. Бирок сейил бакта отургузулган бак-дарактар куурап, мал жайылып, кароосуз калган. Мындан улам мэрия келишимди аткарбагандыктан улам паркты кайра мэрияга өткөрүп, жашылдандыруу иштери жүрөрү айтылып жатат. Ал эми ижарага алган тарап көчөттөрдү көктөтүүдө бут тосуулар болгонун айтышты.
2010-жылы апрель революциясынан кийин Курманбек Бакиев өлкөдөн качып кеткен соң парк мэриянын балансына өткөрүлүп берилген.
- Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, Жусупбек Бакиев атындагы коомдун фонддун жетекчиси — Жумабаев Рыскул Азимбекович, түзүүчүлөрү — Салиев Куштарбек Жусупбекович, Нуруев Эдилбек Бообекович, Жумабаев Рыскул Азимбекович. Фонд 2008-жылы 5-сентябрда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: коомдук иштер.
Эколог Абдималик Элеманов экопаркты түптөөгө салым кошкондордун бири. Сейил бактын бүгүнкү кейиштүү абалга кептелгенине зээни кейип турганын айтат.
«Таштанды толгон жайды көчөт тигүүгө ырастоо оңой жумуш эмес болчу. Ушул жерге мээнет кеткен. Шаардын көркү болсун, таза аба тартуулайлы деп баштаганбыз. Өтө аянычтуу абалда, бутактары өсүп кеткен, көчөттөр куурап, мал оттоочу жайга айланганы жүрөктү оорутуп турат. 15 жылда жашыл ааламга айланган прак болуп калыш керек эле», — дейт ал.
Ж.Бакиев атындагы экопарктын жетекчиси Сабыржан Маматалиевдин айтымында, бул эс алуу багына фонд тарабынан 3,5 миллион сом жумшалган. Ал соттук териштирүүлөрдөн улам көрктөндүрүү иши жакшы жолго коюлбай кайлагынын жүйө келтирди.
«2008-жылы 49 жылдык мөөнөткө берилген менен 2010-жылы мэрия өзүнө кайтарып алган. Сот чечими менен 2016-жылы кайра бизге өттү. Башта тигилген көчөттөр 2016-жылы өрттөлүп кетти. Андан кийин ортодон дагы башкасы чыгып, 2017-жылдан 2021-жылга чейин соттошуп жүрдүк. 2015-жылдары кымбат көчөттөр уурдалып, сатылып кетти. Сот иши жүрүп жатканда көрктөндүрүү иши токтойт экен. Ошондой жагдайлар менен бут тосуулар менен көчөттөр жакшы көктөбөй калды», — деди ал.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Бөрукуловдун айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган парктын жетекчилигине оңдоп-түзөө жана бак-дарактары отургузуу үчүн эскертүүлөр берилгенине карабастан, талаптар толук аткарылган эмес.
«Бул экопарктын жалпы анты 8 гектарды түзөт. 2008-жылы Ж.Бакиев атындагы фондго жашылдандырууга 49 жылдык мөөнөткө берилген. 2015-жылы 8 гектардын ичинен 1,8 гектар жери шаардын жашылдандыруу чарбасына өткөрүлүп берилген. Ошондо жалпы 6,2 гектар муниципалдык менчикте катталып турат. 1996-жылдары «Арстанбап-Ата» ЖЧКсына кандайдыр бир буйруктар менен 4 гектары берилип калган экен. Шаардын прокуратурасы тарабынан дал ошол 4 гектар жерди мэрияга кайтаруу боюнча иш алып барышып, сот органдары аркылуу бизге 2020-жылы кайра өткөрүп беришкен. Тактап айтканда, муниципалдык менчикке кайтарылган. Жашылдандыруу чарбасына берилген жерди алып таштаганда 6,2 гектар муниципалдык жер бар. Бакиев атындагы фонд менен түзүлгөн келишим күчүндө, бирок шарттары аткарбагандыктан келишимди бузуу маселесин карап жатабыз», — дейт ал.
- Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Арстанбап-Ата» коомдук фондунун жетекчиси — Маллабаев Мансурали, түзүүчүсү — Мамажанов Дилхаят Дилкатович. Фонд 2013-жылы 27-майда каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: коомдук иштер.
Быйылкы жылы шаар мэриясы тарабынан 3 миң даана көчөт тигүү планга киргизилген.
Өткөн апта шаар мэри Эрнис Ормоков Turmush басылмасына берген маегинде аталган экопарк боюнча жооп берген. Ал паркты кайтарып алуу боюнча иш жүрүп жатканын белгилеген болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.