Жалал-Абаддагы жолдо 5 баланын атасы каза тапты. Өлүмгө чейинки окуя

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад—Казарман унаа жолунда «Лексус» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен 33 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына маркумдун жакындары билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 21-июлда болгон. Жол тандабасты 17 жаштагы жигит башкарып бара жаткан.

«Агабызды унаа коюп кеткенден кийин ооруканага жетпей каза болуптур. Аны бүгүн жерге бердик, артында аялы 5 баласы менен калды», — деди маркумдун жакындарынын бири.

Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

«21-июль күнү саат 18:00 чамасында Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 32-чакырымында Жалал-Абад шаарынын 2007-жылы туулган тургуну Д.Э.К. «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатканда Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын 1991-жылы туулган тургуну жолдун сол капталынан чыккан учурда аны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️