Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы жол сакчылары ооруканага алынып келе жаткан кыздын өмүрүн сактап калууга жардам беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ 20-июнда Жалал-Абад шаарында жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор ооруканага жеткирилип бара жаткан кыздын өмүрүн сактап калууга жардам беришти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Аман Жолборсалиев билдирди.

Маалым болгондой, алар каттуу ылдамдыкта келе жаткан «Хонда Фит» унаасын токтотушкан. Анын ичиндеги кыз ооруканага жеткирилип бара жатканы белгилүү болгон.

«Кечээ түнкү саат 21:30 чамасында калаанын Т.Байзаков көчөсү аркылуу «Хонда Фит» унаасы каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдыкта келе жатыптыр. Инспекторлор унааны токтоткондо айдоочу карындашынын астмасы кармап, аба жетпей, абалы оор болуп калганын айткан. Ошол замат жол сакчылары унааны коштоп, бейтапканага жеткиришти. Ушул тапта кыздын абалы жакшы. Ал облустук бейтапканада дарыланып жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE