Жалал-Абаддагы жарылууда жабыркаган кыз каза тапты. Дарыгер ооруканадагылар тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында шербет даярдоочу жайда кислороддук баллон жарылып кетти. Анын кесепетинен жаракат алган кыз каза болду.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери Икрам Вариванов Turmush басылмасына билдиргендей, бүгүн, 13-июлда таң эрте тез жардамга чалуу түшүп, бейтаптар алынып келе баштаган.

«Бүгүн орун алган жарылуудан алгач 20-24 жаштардагы кыз келди. Анын бети-башын таанып болбойт, ал бизге келгенге чейин эле каза болуп калган экен. Жансыз денеси өлүк сактоочу жайга жеткирилип, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Андан сырткары тез жардам унаасы менен 3 адам жеткирилген, алар жолдон өтүп бара жаткан аялдар жана ошол жердеги банктын күзөтчүсү. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү», — деди ал.

Ал эми ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматына караганда жарылуудан 4 адам жабыркады.

Пример HTML-страницы

Алар:

1. 1992-жылы туулган А.С. (аял киши);

2. ⁠1992-жылы туулган Т.к.К, (аял киши);

3. ⁠М.О. (күзөтчү).

4. ⁠каза болгон кыз, анын өздүгү такталууда.

Буга чейин Turmush Жалал-Абад шаарында шербет даярдоочу жайда кислороддук баллон жарылып кеткенин жазган. Окуя бүгүн, 13-июлда болду.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматы келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️