Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы туристтик аймактарга ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тартылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Аксы районундагы туристтик аймактардагы коопсуздук иш-чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү милицияга ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкерлери кошумча күч катары тартылды.

Алгач Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык милиция бөлүмчөсүндө коомдук тартипти камсыздоого бөлүнгөн кызматкерлер менен бирге айыл активдеринин катышуусунда Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирлан Давлеталиев тарабынан атайын нускама өткөрүлдү. Анда жайкы туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун, айрыкча чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен бирге коомдук тартипти көзөмөлдөөдө мыйзамдуулукту сактап, туристтерге сылык, маданияттуу мамиле жасап, кандай жардам керек болсо көрсөтүп, сервистик тейлөө зарылдыгын белгиледи.

Андан соӊ Жалал-Абад облустук ЖКККБнын башчысы Мирлан Боёнов туристтерди эс алуучу аймактарга ташып, кызмат көрсөткөн айдоочулар менен жолугушуп, жол кыймылынын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле өз кызмат өтөөчү багыттарына бөлүнгөн милиция кызматкерлери туристтик жайларга барып, иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE