Жалал-Абаддагы тургун уулу менен небересинен айрылды. Аларды топурактын алдынан алып чыгышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында 2 жана 4 жаштагы балдарды топурак басып калып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 8-июлда шаардын Дача кичи районунда болгон. Балдар жашаган үйдүн жанында жар бар. Алар ойноп жаткан учурда жар көчүп, топурак басып калган. Жашоочулар балдарды топурактан чыгарып, тез жардам чакырган менен балдар ооруканага жетпей үзүлгөн.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 8-июль күнү Дача аймагынан жергиликтүү тургун 102 кызматына ойноп жаткан 2 жаш баланы жар басып калганы боюнча кабар берген. Бул факты катталып, териштирүү иши жүрүп жатат.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да чакыртылган. ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, Дача кичи районунун Барпы кыска көчөсүнүн №82 үйүнүн тургуну — 2022-жылы туулган С.М. жана Барпы кыска көчөсүнүн №86 үйүнүн тургуну — 2020-жылы туулган Х.М. турак үйдүн жанындагы жардын түбүндө ойноп жаткан кезде жар көчүп, топурак басып калган. Куткаруучулар жеткенге чейин 2 жаш бала жергиликтүү тургундар тарабынан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

«Көчкөн топурактын көлөмү болжол менен 5 метр куб. Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгы тарабынан 1 экскаватор тартылып, жардын дагы көчүп түшүү коркунучу бар жерлерин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Куткаруучулар тактоо ишин жүргүзүп, кооптуулукту жоюу иш-чарасын аткарышты», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Turmush басылмасына маалым болгондой, 4 жаштагы бала жергиликтүү тургун — 50 жаштагы А.С.нын уулу, ал эми 2 жаштагы бала анын небереси болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️