Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы ооруканага бөйрөк ооруларын дарылоо үчүн 200 миң долларлык жабдык орнотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абаддагы ооруканага наркы 200 миң долларлык бөйрөктөгү, сийдик жолдорундагы жана табарсыктагы ташты аралыктан жок кылган жабдуу орнотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын урология бөлүмүнүн башчысы Бектур Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, бул аппараттын жоктугунан бейтаптар ар бир процедура үчүн 10 миң сомдон акы төлөп Ош, Бишкек шаарларына барып дарыланышчу.

Сөз болуп жаткан жабдуу Саламаттык сактоо министрлигинин Кытай менен болгон келишиминин ортосунда сатылып алынган. Бүгүн, 28-июнда анын ачылыш аземи болду. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Максат Сыдыков, облустук бейтапкананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев жана ак халатчандар катышты.

«Бул аппараттын артыкчылыгы бөйрөктөгү таштарды операциясыз аралыктан майдалап жок кылат. Негизи мындай жабдуу биздин бейтапканада таптакыр болгон эмес. Мисалы урология бөлүмүнө өткөн жылы бөйрөктөгү таш менен жабыркап 350дөн ашык бейтап кайрылган. Бирок биз анын 30% гана дарылаганбыз. Тагыраагы бөйрөктөгү ташы чоңоюп кеткен же бөйрөгү ириңдеп кеткен гана бейтаптарга кесүү жолу менен гана операция жасалган. Калган бейтаптар Ош, Бишкек шаарларындагы жеке менчик клиникаларга барып, ар бир процедурасына 10 миң сомдон акы төлөп дарыланышкан.

Эми бул аппараттын жардамы менен бардык бейтаптарды өзүбүз гана кеспей дарылай алууга шарт жаралды. Мындай көрүнүш бейтаптын убаракерчилигин азайтып, каражатын үнөмдөөгө шарт жаратат. Ушул тапта Самидин Бегалы уулу деген дарыгерибизге Бишкек шаарына Кытайдан келген адистер аппаратты кандай тартипте иштетүүнү үйрөтүп жатышат. Келерки аптадан аппарат ишке кирет. Процедуранын наркын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы коюп берет», — деди бөлүм башчы Абдырахманов.

Ал эми облустук бейтапкананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев быйыл жыл соңуна чейин ооруканага бир нече заманбап көп функционалдуу жабдуулар орнотуларын кошумчалады.

Жылына орто эсеп менен 3000ден ашык бейтап кайрылган урология бөлүмүндө 15 медкызматкер эмгектенет. Бөлүм 20 орунга ылайыкташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE