Жалал-Абаддагы мектепте 15 жаштагы окуучу классташына бычак сайган. Ал ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында мектеп окуучусу бычактан алган жаракаты менен ооруканага түштү. Ага классташы бычак сайган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2024-жылдын 25-сентябрь күнү саат 11:13 чамасында Жалал-Абад шаарынын 2009-жылы туулган Э.Ш.аттуу тургунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан мектептердин бириндеги аянтчада өзү менен чогуу окуган 2009-жылы туулган Б.П. эч бир себепсиз учтуу нерсе менен ичине сайган. Анын кесепетинен Э.Ш. денесинен жаракат алып, Жалал-Абад облустук оорукансына жаткырылганы боюнча кабар түшкөн. Аталган факты ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

«Жалал-Абад ШИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүп, окуя болгон жерден 1 даана сабы көк түстөгү бычак алынган. Текшерүү учурунда 2024-жылдын 25-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында 2009-жылы туулган Э.Ш. жана Б.П. өз ара мушташып кетип, ошол себептен Б.П. Э.Ш.нын ичине бир жолу бычак менен сайганы аныкталган. Азыркы учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облустук ооруканасынан алынган маалымат боюнча, ооруканага түшкөн баланын абалы туруктуу. Ага боор менен көкүрөктө жаракат бар деген диагноз коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️