Жалал-Абаддагы мекеме иш учурунда жаракат алган жумушчуга 1,5 миллион сом кенемте төлөп бермек болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында иш учурунда жаракат алган «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин жумушчусуна 1,5 миллион сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Байгазы Эргешов билдирди.

Анын айтымында, ага Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору 2-топтогу майып деген корутунду чыгарып берген.

«Мен ушул жылдын 12-февралында «Жалал-Абад Тазалык» мекемесине жетекчи болуп дайындалдым. Бирок мага чейин, тагыраагы 7-февраль күнү жумуш учурунда Ж.Т. деген жумушчу унаанын үстүнөн кулап, буту сынып, бейтапканага жаткырылган экен. Ошол учурдан тарта ал кызматкерден кабар алып келе жатабыз. Ушул тапта үйүндө. Ага Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору 2-топтогу майып деген корутунду чыгарып берген. Мекеменин эмгекти коргоо профсоюзу корутунду чыгарып берип, бул кызматкерге 9 айдын жыйынтыгы менен 1 млн 529 миң сом кенемте төлөп берүү алдында турабыз.

2014-жылы да дал ушул Ж.Т.нын катышуусунда дал ушундай кырсык болуп, ошол кезде мекеме ага 450 миң сомдон ашык кенемте төлөп берген экен», — деди жетекчи Эргешов.

160 кызматкер эмгектенген мекеменин 30 жумушчусу калаадагы үйлөрдү атайын таштанды ташыган унаалар менен кыдырып, таштандыларды жүктөп тазалашат. Алар жумушка келген ар күн сайын медайым тарабынан алкаголдук ичимдик ичкен-ичпегени текшерүүгө алынып, дене табы, кан басымы өлчөнөт. Андан соң аларга техникалык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын журналга кол коюлуп, каттоого алынат.

Пример HTML-страницы
  • 2016-жылы да сөз болуп жаткан мекемеде жумуш учурунда кырсык орун алып, кызматкерге кенемте төлөнүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️