Жалал-Абаддагы көчө 12 метрге кеңейтилет. Жол четиндеги бак-дарактар кыйылып жатат

TurmushЖалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүн кеңейтүү ишинин алкагында жол четиндеги бак-дарактар кыйылууда. Аталган көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен толугу менен реконструкцияланып, эки четине тротуар курулуп, жарыктандыруу жана жышылдандыруу иши жүргүзүлөрүн мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бюджетти үнөмдөө максатында жолду кеңейтүү ишинин айрым жумуштарын мэриянын алдындагы жана мамлекеттик мекемелер жасайт. Ал эми негизги жумуштарды, тактап айтканда жолго асфальт төшөө, тротуар куруу, темир-бетон арыктарды куруу сыяктуу жумуштарды тендерден уткан «Жалалбат АБЗ» ААК жүргүзөт.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Таевдин айтымында, жолдун жалпы узундугу 1100 метрди, унаалар жүрүүчү жол 8 метрди түзөт. Ал эми реконструкциялоонун алкагында жолдун негизги бөлүгү 12 метрге кеңейтилип, эки четине тротуар курулат.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында «Жалалбат АБЗ» ААКтын директору катары Досалиев Мунарбек Атамыразевич көрсөтүлгөн. Ишмердүүлүгү: асфальт жана битум өндүрүү. Компания 2009-жылы 11-августта каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️