Жалал-Абаддагы билим берүү кызматкерлери август кеңешмесине чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-августта Жалал-Абад шаарында билим берүү кызматкерлеринин «Билим берүүгө 100 жыл; трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор» аталышындагы август кеңешмеси болуп өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Уларкан Бекешова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана мугалимдер катышты.

Шаар мэри мугалимдердин иши түйшүктүү жана сыймыктуу экендигин белгилеп, жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалады. Үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге ардак грамоталарды тапшырды.

Ошондой эле, билим берүү тармагына жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттен ири суммадагы каражат бөлүнө тургандыгын билдирди. Ага карабастан күтүлгөн жыйынтык чыкпай жатканын айтып, билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине жана мугалимдерге окуучулардын билим сапатын жогорулатуу талабын койду.

Жалал-Абад шаарында жалпы 29 мектеп бар. 1-класска 3 миңден ашуун окуучу кабыл алынат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️