Жалал-Абаддагы аскер бөлүктө улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү

TurmushЖалал-Абад шаарында Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин №704 аскер бөлүгүндө 21-март — Нооруз майрамына арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында облус аймагында жайгашкан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери конокко чакырылып, улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланды.

«Ошондой эле бөлүкчөлөр арасында коңшу элдин үрп-адаттары чагылдырылып жана тамак-аш жасоо сынагы өткөрүлдү. Аскер бөлүктө сүмөлөк бышырылды», — деп билдиришет аталган аскер бөлүктөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️