Turmush — 17-ноябрь — Студенттердин күнүнө карата Turmush басылмасы Жалал-Абад облусундагы айрым жетекчилерди кепке тартып, алардын студенттик жылдарын эске салды.
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 1998-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин финансы кредит адистигине тапшырган.
«Ал учурда биз ата-энем менен бирге шаардын Пушкин көчөсүндө жашачубуз. Мектепти 1998-жылы аяктап, ошол эле жылы Жалал-Абад мамдекеттик университетинин финансы кредит адистигине тапшыргам. Биздин тайпа «ФК-1-98» деп аталчу. Жалпы 26 студент билим алчубуз. Ошол мезгилде өзүң эч жерде иштебегендиктен, ата-энең берген акчаны үнөмдөп гана жашачумун. Биздин сабактар кээде башкы корпуста болсо, кээде Спутник кичи шаарчасындагы АТФ деп аталган бөлүмүндө болчу. Андай учурда группалаштар менен бирге көчө менен бир болуп, шаардын борбордук бөлүгүнөн, Спутникке жөө барып каттаган учурлар болгон. Айрым учурда маршурткага чыгып калчубуз. Ал кезде жол акы 2 сом болчу. Көпчүлүк балдар менен эл түшүп бара жатканда биз дагы жол акыны бербей, маршурткадан качып кеткен учурлар көп болчу. Тайпабыз менен бирге майрам, туулган күндөрдөн калчу эмеспиз. Бирок шок болсок да окууну мыкты окуганга аракеттенчүбүз. Көп учурда сабактан бошогон мезгилде китепканага барып, кийинки сабактын тапшырмаларын аткарып, адистигибизге байланышкан китептерди көп окучубуз.
Быйыл жогорку окуу жайды аяктаганыма 20 жыл болуптур. Университеттин ашканасынан пирожки жеп, ачка калган группалаштар менен жолуктук. Азыр көпчүлүгү мамлекеттик кызматта, айрымдары жеке ишкер болуп кетиптир. Ошентсе да «ФК-1-98» тайпасынын студенттери бири-бирибизден кабар алып турабыз», – деди ал.
Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова жатаканада бир туугандары менен жашап, бир аптага деп апасы берген 50 сом 100 сомду үнөмдөп окуган күндөрүн эскерди.
«2003-жылы мектепти аяктап, үйгө жакын болсун деп апамдар Жалал-Абад мамлекеттик университетинин социалдык гуманитардык факультетине тапшыртышты. Үй-бүлөдө 7 бир тууган болуп, баарыбыз удаа өскөндүктөн бир учурда студент болдук. Атам жаш чагыбызда эле каза болуп, апам бизди жалгыз бой тарбиялап өстүрдү.
Дем алыш күндөрү дайыма үйгө барып, үй жумуштарын каралашып, кайра дүйшөмбүдө кайтчубуз. Ал кезде бир тууган сиңдилерим менен бирге жатаканада жашачубуз. Студенттик учурда эже-сиңдилер менен кезектешип азык-түлүк сатып алып, кезектешип тамак жасачубуз. Апам 1 жумага жеткиргиле деп 50 сом, кээде 100 сом берчү. Биз ал акчаны тамак-ашыбызга гана иштетип, сабакка жөө каттачубуз.
1-курстан 4-курска чейин «СРК-1-03» тайпасынын старостасы болдум. Бир да сабактан качкан күнүм болбоптур. Тайпада 20 студент болсок баарыбыз абдан ынтымактуу элек. Кээде парада отуруп курсак ачса баарыбыз акча чогултуп, бирден пирожки сатып алып жеп, чогуу ачка жүрдүк. Азыр группалаштарымдын дээрлик көпчүлүгү мамлекеттик жумушта иштейт. Алар менен дагы деле жумушта, жеке карым-катнашыбыз бар», – деди ал.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов азык-түлүк калбай пияз кууруп жеген күндөрүн, а түгүл кургак нан жеп курсак тойгозуп, орус тилинен бир аз кыйналып жүргөн күндөрүн эскерди.
«1-класстан 9-класска чейин Көк-Жаңгак шаарындагы кыргыз мектебинде окудум. 10-11-класска келгенде калаадагы №1 орус мектепте окуп, жогорку окуу жайга камындым. 2004-жылы студент статусуна ээ болдум. Негизи бул учурда ата-энеңдин карамагынан кетип, жашоодо эркин болуп, өз жолуңду өзүң тандай турган учур экен. Ошол жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетине тапшырдым. Ал жерде 1-2-курсту окугандан соң, биздин адистик жоюлуп кетип, 3-курстан окуумду Бишкекке Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына котордум. Биринчи жолу ата-энемен алыс, шаарга чыкканга ачка калып, акчабыз калбай далай кыйналдым. Бирок анын баарын сырттагы кишиге билдирчү эмесмин. Сабактан ачка келип, пияз кууруп жеп, кээде нандын өзүн жеп алып эле жүрө берчүмүн. Окуумду Бишкекке которгондо орус тилинен бир аз кыйналдым. Ошентсе да аракет кылып, борбор калааны акча жок, ачка жөө кыдырып окуп жүрүп, 2010-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап алдым. «Дарылоо иши 11» тайпасында 12 студент бар болчу. Азыр алардын баары менен кезигип турабыз», – деди ал.
Жалал-Абад шаарында 3 жогорку окуу жай бар. Аларда 10 миңден ашык студент билим алат.
- Студенттердин эл аралык күнү биринчи жолу 1941-жылы белгиленген. Бул күндүн алдында тынчтык жана достук үчүн күрөштүн эл аралык студенттик жумалыгы (10-17-ноябрь) өткөрүлөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.