Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы 3 айылды борбор менен байланыштырган жол оңдолууда. 35 млн сом бөлүндү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushМаданият—Майлуу-Суу унаа жолунун 5 чакырым аралыгы реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына №22 жол тейлөө мекемесинин башчысы Нургазы Ажыкулов билдирди.

Анын айтымында, жолду оңдоп-түзөө үчүн 35 млн сом жумшалат.

«Мамлекеттик маанидеги Маданият—Майлуу-Суу жолунун жалпы узундугу 19 чакырымды түзөт. Жол союз учурунда, тактап айтканда 1960-1970-жылдары курулган. Бирок ошол жылдан бери жаңылана элек болчу. Жыл сайын биздин мекеме утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарын аткарып келебиз. Бирок айрым жерлери таптакыр жарактан чыгып, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратчу. Быйыл жолду оңдоп-түзөө үчүн долбоор даярдаганбыз. Ушул тапта 5 чакырым жолдун асфальты тазаланып, жолго жаңы асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатат. Курулуштун наркы 35 млн сомдун тегерегинде, ал республикалык бюджеттен каржыланууда. Жумуштар июль айына чейин аягына чыгарылат», — деди Ажыкулов.

Мындан сырткары ал быйыл оңдолчу 5 чакырымдан сырткары кийинки жылы да унаа жолду оңдоо планы бар экенин кошумчалады.

Аталган унаа жолдон Ноокен районунун Кыпчак-Талаа, Кызыл-Кыя айылдарынын жана Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш аймагынын калкы облус борбору жана Бишкек шаары менен байланышып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE