Жалал-Абаддагы өтмөктүн тепкичинен түшкөн адам күркөгө урунат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүлгөн эмес. Мындай пикирди мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Бирдиктүү багыт» коомдук бирикмесинин төрайымы Жумакан Жаркулова билдирди.

Анын айтымында, аярлуу катмардагы жарандарга шарт түзүүдө кайдыгер мамиле жасалат.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, жакында эле шаар бийлиги калаадагы Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн алдындагы өтмөктү оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Бирок ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арабасы түшчү пандусту тосуп коюшуптур. Пандус талапка жооп бербейт. Эгер коштоп жүрүүчүсү жок киши өзү жалгыз бул пандустан түшсө, жыгылып, колу-буту сынышы толук мүмкүн. Пандустан түшүп бара жатсаң, алдыңдан күркө чыгып, аны сүзүшүң ыктымал. Ушуну ким ойлоп тапты экен? Биз сыяктуу аярлуу катмардагы кишилерге мындай көрүнүш абдан кыйынчылык жаратат. Мындан улам мен бул маселени чечип берүүнү суранат элем. Буга чейин бир нече жолу калаада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даараткана жана чакан ишкана куруп берүү боюнча кайрылгам, бирок маселе чечилбей келет», — деди Жаркулова.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын курулуш жана коммуникация маселелери боюнча вице-мэри Айбек Жолдошевдин айтымында, маселе жакын арада чечилет.

«Ооба, чындыгында жер өтмөк жакында эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бизге кайрылуу түшкөндөн кийин жерине барып көргөнүбүздө, пандус түшкөн жерде күзөтчүнүн кабинасы бар экен», — деди вице-мэр.

Жалал-Абад облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 43 миң 827 адам жашайт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️