Жалал-Абадда жыл башынан бери токойлордо орун алган мыйзам бузуулар боюнча 300 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда жыл башынан бери токойлордо орун алган мыйзам бузуу фактылары боюнча 304 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына ӨКМге караштуу Токой кызматынын Жалал-Абад аймагы боюнча башкармалыгынын башкы адиси Баатырбек Үметов билдирди.

Анын айтымында, жаңы тигилген көчөттөрдү мал-жандыктар жеп, айрымдарын адамдар сындырып кеткен учурлар болот.

«Биздин кызматтын карамагында жалпы 15 токой чарба бар. Алар жылына 500дон ашуун гектарга көчөттөрдү отургузушат. Ушул тапта дубанда атайын көчөттөрдү өстүрүп жаткан күнөсканаларда 4 миллиондон ашуун жаш көчөт бар. Бизди түйшөлткөн эң чоң маселе — бул токойлордогу отургузулган жаңы көчөттөрдү малдар талкалап кетип жатканы. Мындан улам биз алгач короолоп алып анан көчөт отургузган ыкмага өттүк. 2023-жылы 600 гектарда жумуш жүргүзүлгөн. Ал жерге 21800 көчөт отургузулуп, 60% көктөдү.

Аны менен бирге биздин адистер токойлордо орун алган мыйзам бузуучулуктар менен да күрөшүп келебиз. Алсак быйыл жыл башынан бери дарактарды өз алдынча кыйган 32 учур болгон. Биз аныктап, күнөлүүлөргө 118 миң сом айып пул салганбыз. Ал эми өз билемдик менен малын токойдо жайып жүргөн 20 учур катталып, мал ээлерине 103 миң сомдук айып пул салганбыз. Ага удаа эле пландык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 63 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 83 миң 400 сом айып пул салганбыз», — деди ал.

Жалал-Абад облусундагы 15 токой чарбанын карамагында жалпы 290 миң гектар токой аянты бар.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️