Жалал-Абадда жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандарга 48 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда 2 күндө жол жээгинде өз билемдик менен соода кылган айдоочуларга 48 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, сөз болуп жаткан рейд 24-июлга чейин улантылат.

«Баарыбыз билгендей азыр бышыкчылык мезгилинде ар кандай мөмө-жемиштерди, тоютарды унаа кыймылы көп болгон жол жээктерине алып чыгып, өз алдынча соода кылгандар көбөйдү. Мындай көрүнүш айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, айрым учурда жол кырсыгынын келип чыгышына себеп болот. Мындан улам облус аймагында рейд жүргүзүп, 16-июлдан бери эрежени бузган тараптарга мыйзам чегинде, тагыраагы Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин (автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) негизинде 16 админстративдик протоколдорду толтурду. Мындай иш аракеттер 24-июлга чейин жүргүзүлөт», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️