Жалал-Абадда жөө адамды сүзүп кете жаздаган автобустун айдоочусуна 3000 сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ 17-июлда Жалал-Абадда жөө жүргүнчүнү коюп кете жаздаган коомдук транспорттун айдоочусуна 3000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймвлынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалым болгондой, окуя калаанын Д.Шопоков көчөсүндө орун алган.

«Социалдык тармактарга шаардагы көчөлөрдүн биринде эл ташыган автобус жолдон өтүп бара жаткан жүргүнчүлөргө жол бербей коюп кете жаздаган видео тараган, Ал 7-автобустун, тагырагы Жалал-Абад—Тайгараев багыты боюнча каттаган автобустун айдоочусу экени аныкталды. Ушул тапта айдоочунун аракетине мыйзам чегинде чара көрүлдү. Тагыраагы Укук бузуулар кодексинин 188-берересинин 2-пунктуна (транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) ылайык 3000 сом айып пул салынып, жол эрежесин так сактоо боюнча түшундүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️