Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун «Чаян» каймана аттуу мүчөсү кармалды

TurmushЖалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 23-март күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында Жалал-Абад шаарынын аймагында өзүнө сырттан тааныш болгон Дастан аттуу жигит «көчө баласымын» деп коркутуп, 20 000 сом акчасын алып койгонун билдирген. Бул факт боюнча топтолгон материалдар ошол эле күнү Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинде (тоноо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары ИИМде К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган «Чаян» каймана аттуу Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган тургуну А.Д. кармалды. Бүгүнкү күндө А.Д.нын Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, бети ачылбай жаткан оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️