Жалал-Абадда унаасын чимирилте айдаган айдоочуга 16 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусуна 16 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, социалдык тармактарда унаасын чимирилте айдаган видео тараган.

«Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинде «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу унаасын чимирилтип айдап, туура эмес жерден бурган.

Жол кыймылын тескеген инспекторлор жеринен чара көрүп, Сузак районунун 20 жаштагы айдоочусуна админстративдик протокол толтуруп, 16 миң сом айып пул салынды. Унаа айып короо жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин 1-пункту Автоээнбаштык — автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети – жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч (15 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Пример HTML-страницы

Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 1-пункту Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу — жол белгилеринин талаптарын, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен озуп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо); токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз аралыкты, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️