Жалал-Абадда унаа сүзүп кеткен салык кызматкери — 3 балалуу келин каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында жол четинде турган аялды унаа учура сүзүп, ал ооруканада өзүнө келбей жан берди.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 2024-жылдын 10-ноябрында калаадагы Жамашев көчөсүндө болгон. Кырсыкка кабылган келин жол четинде турган. Кара түстөгү унаа катуу ылдамдыкта келип, аны учура сүзгөн.

«Катуу жаракат алды. Ооруканага алып бара жатышканда эле абалы өтө оор болчу», — деди күбөлөр.

Ал эми Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынан маалымат түшкөн. 2024-жылдын 10-ноябрында саат 12:10 чамасында Лавдан-Кара айылынын тургуну — 1995-жылы туулган Ж.М.ны Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Жамашев көчөсүндөгү үйдүн алдында түндүктөн түштү карай бара жаткан «БМВ 320I» унаасы сүзүп кеткен. Унааны Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунун тургуну — 2003-жылы туулган И.М.К. башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен М.Ж. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ошол эле күнү каза болгон.

Turmush басылмасына маалым болгондой, маркум келин Салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгында иштеп баштаганына 15 күндөй эле болгон. Анын артында 3 баласы калды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️