Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда той кортежине кирип кеткен «Ленд Ровердин» айынан жүздөгөн унаа жол тыгында калышты. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абадда жасалма номур тагылган «Ленд Ровер» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, 20 жаштагы айдоочусуна 20 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Буга чейин окуянын видеосу социалдык тармакка тарап, ал коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Окуя 27-июнда саат 14:00 чамасында орун алган.

«Ак түстөгү “Ленд Ровер” унаасына жасалма номур тагылып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Тактап айтканда, унаага D7778K номуру тагылган. Жол кыймылын тескеген инспекторлор аны тосууга аракет кылганда, айдоочу той кортежиндеги унаалардын арасына кирип, кызматкерлерге баш ийбей, кыйынчылык жараткан. Ошол учурда бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгон.

Жыйынтыгында 20 жаштагы айдоочу — Кочкор-Ата шаарынын тургунуна Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 449-беренесинин 1-пунктуна (транспорт каражатында жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгисин пайдалануу, жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоо номердик белгилери (белгиси) бар транспорт каражатын башкаруу — жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет) ылайык 20 миң сом айып пул салынды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE