Жалал-Абадда таанышынын унаасын айдап качкан шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абаш шаарында автоунаа уурдап качан шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1977-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну С.К. арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 1-ноябрь күнү саат 14:30 чамасында ага сырттан тааныш болгон Ибрагим аттуу бала менен спирт ичимдигин чогуу ичип отуруп, ижарада айдап жүргөн «Шевроле» үлгүсүндөгү автоунаасынын ачкычын мас абалда алып, белгисиз тарапка айдап качып кеткендигин айткан. Арыз ээси мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жабырлануучуга 320 000 сом материалдык зыян келтирилген. Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин жыйынтыгында 2024-жылдын 4-ноябрь күнү Базар-Коргон районунун 1985-жылы туулган И.Н. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү өзүнүн жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алган.

Пример HTML-страницы

Ал эми Жалал-Абад шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, 2024-жылдын 5-ноябрь күнү бир айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️