Жалал-Абадда Түрк мамлекеттер уюмунун туризм министрлеринин жыйыны өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-сентябрда Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун туризм боюнча министрлер кеңешинин 9-жыйыны жана туризм боюнча жумушчу топтун 19-жыйыны өтүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, алгач туризм боюнча жумушчу топ түрк мамлекеттеринин туристтик потенциалын өнүктүрүү багыттарын талкуулады. Алдыңкы саатта түрк тилдүү мамлекеттердин туризм министрлери жолугушуусу күтүлүп жатат.

ТМУда быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.

Туризмди өнүктүрүүгө багытталган саамалыкты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаменти уюштуруп жатат.

Түрк мамлекеттер уюму — түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген эл аралык уюм. Түрк кеңеши 2009-жылы 3-октябрда түзүлгөн. Мүчө мамлекеттер: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️