Жалал-Абадда суроосуна жооп алууга аракет кылган жигит 5 жылга кесилди

TurmushЖалал-Абад шаардык соту ала качуу боюнча эки жигиттин кылмыш ишин карап чыкты.

Арапбай (аты өзгөртүлдү, А.у.Т.) 1994-жылы Базар-Коргон районунда туулган, билими 9-класс, бойдок, убактылуу эч жерде иштебейт. Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 1-бөлүмү (никеге туруу максатында ала качуу) менен айыпталууда.

Байтемир (аты өзгөртүлдү, С.Р.С.) 1995-жылы Базар-Коргон районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы, убактылуу эч жерде иштебейт. Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 1-бөлүмү (никеге туруу максатында ала качуу) менен айыпталууда.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Арапбай менен Байтемир 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 17:30 чамасында 2002-жылы туулган Хадичаны (аты өзгөртүлдү, М.А.Ш.) Жалал-Абад шаарындагы соода борборунун алдынан ала качып кетишкен.

Сотто Арапбай күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, буларды көрсөттү: Жабырлануучу Хадичаны эки жыл мурда тойдо көргөн. Андан кийин аны менен социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүргөн. 2021-жылдын 29-декабрь күнү жабырлануучу менен үйлөнүү максатында телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Хадича жумушунан кечки саат 17:30да чыгарын айткан. Андан кийин экөө Жалал-Абад шаарындагы соода борборунун алдында жолугуп, Арапбай жабырлануучуну үйүнө жеткирүүнү сунуштаган. Ошол маалда унааны досу Байтемир айдап жүргөн. Жабырлануучу унаага отургандан кийин аны үйүнө жеткирбей, Базар-Коргон районундагы айылдардын бирине, үйүнө алып барышкан.

Хадичаны үйүнө киргизгенде, ал айыпталуучунун апасына «балаңар жакпайт» деген. Ошондон кийин Арапбайдын апасы: «Кызды жеткирип койгула» деп айкан. Андан соң айыпталуучу кызды кайра Жалал-Абад шаарына, үйүнүн жанына алып келишкен.

Пример HTML-страницы

Арапбай жабырлануучу каршылык көрсөткөнүнө карабай, никеге туруу үчүн ала качканын кошумчалап, кылган ишине өкүнүп жатканын айтып, камакка байланышпаган жаза берүүнү сурады.

Сотто Байтемир күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, буларды көрсөттү: 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 12:00 чамасында досу Арапбай менен Жалал-Абад шаарына бильярд ойногону келген. Кийин экөө саат 17:30 чамасында соода борборунун алдына барышкан. Ал жерде Арапбай менен жабырлануучу жолугуп, көп өтпөй Хадича унаага келип отурган. Ал үйүнүн дарегин айткан. Бирок, автобекетке жеткенде Арапбай: «Жабырлануучуну ата-энем менен тааныштырып келели» деген. Айыпталуучу макул болуп, унааны Арапбайдын үйүнө айдаган. Жолдо Хадича: «Арыз жазам, жеткирип койгула» деп каршылык көрсөткөн. Ага карабай, жабырлануучуну Арапбайдын үйүнө алып барышкан. Ал жерден Хадича айыпталуучу Арапбай жакпай турганын айткан. Андан кийин кызды Жалал-Абад шаарына жеткиришкен.

Байтемир алдын ала сүйлөшүү болбогонун кошумчалап, кылган ишине өкүнүп жатканын айтып, камакка байланышпаган жаза колдонууну сурады.

Сотто Хадичанын айтымында, Арапбайды эки жыл мурда тойдо көргөн. Бирок таанышкан эмес. Андан кийин айыпталуучу социалдык тармак аркылуу жазып, телефон чалып жүргөн. Бирок сүйлөшпөй, окуяга эки күн калганда бир жолу сүйлөшкөн. Андан кийин Арапбайды окуя болгон күнү биринчи жолу көргөн.

Жабырлануучу белгилегендей, 2021-жылдын 29-декабрь күнү айыпталуучу келип, «эмне үчүн жакпайм? Ошону түшүндүрүп бер» деп сураган. Хадича ага кеч бошой турганын айткан. Кечки саат 17:30 чамасында соода борборунан жумушунан чыкканда алдынан Арапбай тосуп чыгып, үйүнө жеткирип, жолду карай сүйлөшүп барарын кошумчаланган. Бирок, үйүнө жеткирбей, Арапбай: «Биз сени ала качып баратабыз» деген. Жабырлануучу каршылык көрсөткөнүнө карабай, Арапбайдын үйүнө алып барышкан.

Айыпталуучунун үйүндө жабырлануучуга жоолук салууга аракет кылышкан. Акырында кыздын каршылыгына ачуусу келген Арапбайдын апасы: «Бир жыл сүйлөшүп жүрүп, эми эмне отурбай жатасың» деген. Жабырлануучу ага Арапбай менен сүйлөшпөгөнүн, ал жакпай турганын айтканда, апасы: «Жеткирип койгула» деген. Айыпталуучу кайра Жалал-Абад шаарына саат 20:30 чамасында алып келген.

Хадича сотто ала качкан күнү денесине жаракат алганын жана айыпталуучуларга карата мыйзам чегинде жаза берүүнү сурады.

Арапбай менен Байтемир Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 1-бөлүмү мененкүнөөлүү деп табылып, экөө тең 5 жылдан эркиндигинен ажыратылышты.

Экөөнүн тең бөгөт коюу чаралары өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынышты.

Арапбай менен Байтемирден мамлекеттин пайдасына 2500 сом процессуалдык чыгым өндүрүлмөй болду.

*Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы сот чечимдеринин жана актыларынын маалымат базасына жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️