Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда сел жүрүп, «айгай» жарыяланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, куткаруучуларга 21-июнда саат 21:40 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Д.Садырбаев айыл аймагынын Тоскоол, Кызыл-Жылдыз айылында, Ноокен айыл аймагынын Комитерн айылында сел жүрүп, Бишкек—Ош автоунаа жолуна болжол менен 523-524-чакырымдарына тоскоолдук жаратууда деген маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ыкчам топ жана жарандык коргонуу кызматтары тартылган.

Тазалоо иштерине Ноокен райондук өрткө каршы бөлүмүнөн 13 куткаруучу тартылды. Кошумча Ош шаарында жайкашкан республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 31 куткаруучу тартылып, тазалоо иштери жүргөн.

Мындан сырткары облустун сел каптаган аймактарында «айгай» жарыяланып, жеринде тиешелүү жумуштар күчөтүлгөн тартипте аткарылган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 21-июнь күнү саат 17:00дөн тартып Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Саат 23:00дөн тартып төмөнкү аймактарда нөшөрлөгөн жамгыр жаамак:

— Баткен облусунун Кадамжай районунда

— Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон райондорунда

— Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда

— Чүй облусунун Жайыл районунда.

Ошондой эле 22-июнь күнү саат 17:00дөн тартып Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы жана сел жүрүшү күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE