Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда сел агызган 10 жаштагы бала каза тапты. Тургундар эвакуацияланып жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда селдин кесепетинен жаш бала каза тапты.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, саат 17:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Момбеков айыл аймагынын Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон сел суулар чогулуп, сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жана жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, сел суулар каптаган аймактагы тургундар эвакуцияланууда.

Селдин кесепетинен Эски Кочкор-Ата айылынын 2014-жылы туулган Э.Ж. аттуу тургуну селге агып көз жумуган.

Аталган жаш баланын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10до табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE