Жалал-Абадда поезд менен бензовоз сүзүштү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-сентябрда, Жалал-Абад шаарында поезд менен бензовоз сүзүшүп, жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу Турмуш басылмасына окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалым болгондой, кырсык калаанын Б.Осмонов көчөсү аркылуу өткөн темир жолдо болгон. Чиркегичтери менен келе жаткан поезд күйүүчү май ташыган бензовозду сүзүп, жолду тосуп калган. Кырсыктан жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык тууралуу расмий маалымат бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️