Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводдогу ири өрттү өчүрүштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 10-июнда Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдо машыгуу өттү.

Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Азизбек Сатыбалдиевдин айтымында, 25 өрт өчүрүүчү жана куткаруучудан турган 4 бригадалык топ иш алып барды.

«План боюнча шаардагы «Байэл 3» мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт чыгып, саат 10:05те өрт өчүрүү кызматына чакыруу түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр 10:13тө чакыруу болгон аймакка келди, ага чейин заводдун кызматкерлери өрттү чектөөгө алып турушкан. Ал арада бир кызматкер жараат алган. Куткаруучулар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. 1000 тонналык резервуардагы өрт саат 11:00дө толугу менен өчүрүлүп, чектөөгө алынды», — деди ал.

Жалпы аянты 2 гектарды ээлеген өндүрүштүк зона айына 30 тонна нефтини кайра иштетип чыгарат. Ишканада 45 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE