Turmush — Жалал-Абад шаарындагы Б.Алыкулов атындагы драма театрда «Улут наркы — эл баркы» аталышындагы иш-чара өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла Жээнбеков, дин кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Иш-чарада улуттук нарк жана диний дөөлөттөрдү сактоо, облус аймагындагы диний абал боюнча сөз болду.
«Бүгүнкү күнү жер-жерлерде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте «Улут наркы — эл баркы» аталышындагы жолугушууларды уюштуруп келүүдөбүз. Мында негизинен улуттук каада-салт, нарк-насилдерибиз, ата-бабаларыбыздан калган руханий, диний баалуулуктарыбызды жаштарыбызга өткөрүп берүү жөнүндө пикирлерди бөлүшүүдөбүз.
Баарыбыз билгендей, илгертен ата-бабалар шарият менен айкалышып жашап келген. Бирок азыркы күндө коомчулукта ар кандай көз караштар, ысырапкерчиликтер көп болуп кетти. Мындан улам өлкө башчыбыз да ар кандай токтомдорду, мыйзамдарды чыгарып жатат. Аны менен бирге биз да фатваларды иштеп чыгуудабыз. Алсак, маркумду акыркы сапарга узатуу, андан кийин үчүлүгү, кыркы, жылдыгы деген ойлоп табылган салт-санааларды токтотуу боюнча аркеттер көрүлүп жатат. Бүгүнкү жолугушууда да дал ушул ысырапкерчилик тууралуу да айтылды. Аны менен катар ушул тапта коомдук талкууда турган «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу да ой-пикирлер айтылды», — деди муфтий.
Мындан сырткары ал ушулдай эле жолугушуулар алдыңкы күндөрү өлкөнүн башка дубандарында да уюштуруларын кошумчалады.
2024-жылдын 8-ноябрында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өткөргөн.
С.Жапаров мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгилеген. Ал бүгүнкү жыйында дагы бир жолу дыкат карап, электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүү керектигин айткан.
Өлкөдө жалпы 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Ушул тапта Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны — 399, калгандары башка диндерге таандык.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.