Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда милицияда иштеген айымдар сыйланды

Акыркы жанылыктар

Turmush8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБдин айымдары сыйланышты.

Маалым болгондой, милициядагы айымдарга ИИМдин медаль, төш белги жана ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин алкыш жана куттуктоо баракчалары, ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн юбилейлик медалдары ыйгарылды.

Аялдардын эртеӊки эл аралык майрамы менен Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов куттуктап, бекем ден соолук каалады. Аялзаты үйдүн куту экендигин айтып, иштеринде ийгиликтер болуусуна тилектештигин билдирди.

Ошону менен катар, айымдар үчүн сый тамак уюштурулуп, майрамдык иш чара салтанаттуу түрдө белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE