Жалал-Абадда мазут сакталган цистернадагы өрт 12 мүнөттө өчүрүлдү

TurmushЖалал-Абад шаарында машыгуу өткөрүлүп, цистернадан чыккан өрт 12 мүнөттө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, машыгуу калаанын өндүрүштүк зонасында жайгашкан «Кыргыз Петролиум компани» ишканасында өткөрүлдү. Анда өрт өчүрүүчүлөр кырсык катталган жерге 8 мүнөттө жетип келишти.

«Жыл сайын ишканада атайын машыгууларды өткөрүп, ири өрт кырсыгы чыкса, аны кантип өчүрүүнүн үстүндө иштерди алып барабыз. Бүгүн да атайын аталган мекемедеги мазут сакталган цестерналардын биринде өрт кырсыгын чыгардык. 306-цистернада кырсык чыгып, шаардык өрт өчүрүү кызматына чалуу түштү. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн 4 бригида тартылды. Алардын үчөө өрт өчүрүүчү унаалары болсо, бири атайын куткаруучулар. Өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин компаниянын атайын куткаруу бөлүмү өрттүн жайылып кетүүсүн чектеп турушту. Тиешелүү кызматтар 8 мүнөттө кырсык катталган жерге келип, 12 мүнөттө жалын чыгып жаткан цистернаны өчүрүп, ага жанаша жайгашкан 4 цистернаны муздатып, өрттүн жайылуусун алдын алып, курчоого алышты. Негизи бул көрсөткүч абдан жакшы. Ага кызматкерлердин жаңы техника жана коргоочу костюмдар менен камсыз болгону себеп болду», — деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Маматкулов.

Өткөн аптада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына зарыл болгон бардык шаймандар менен камсыздалган 5 өрт өчүрүүчү унаа берилген. Аны менен катар өрт өчүрүүчүлөргө атайын коргоочу кийимдер тапшырылды.

8 жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп иштеген Эрлан Арзыбеков мындай коргоочу кийимдерди алгачкы жолу кийип жатканын айтып, анын артыкчылыктарын атап өттү.

«Бир апта мурун башкармалыкка Орусиядан чыгарылган акыркы үлгүдөгү «Камаз АЦ-6-40» өрт өчүрүүчү унаалар тиешелүү жабдыктар менен берилген. Анын экөө шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнө тапшырылды. Унаа өзүндө 6 тонна суу алып жүрүүгө ыңгайлашыптыр. Мындан сырткары ар бир унаада өрт өчүрүүчүлөр үчүн төрт даана атайын кийим бар экен. Анын жардамы менен 1000 градус ысыкта өз милдетиңди аткара бересиң. Тактап айтканда, мындай кийим жалынды адамга өткөрбөйт. Мен иштеп жүргөн 8 жыл аралыгында мындай техника жана атайын кийимдер болгон эмес. Буга чейин калаадагы нефтебазалардын биринде өрт чыкканда жөн гана кийим менен мазут сакталган цистернага жакын барып, өрттү өчүрүп жатканда артыңдан дагы бир кесиптешиң сага суу сээп турууга мажбур эле. Себеби ал кийимдер кызматкерди жалындан куткара алчу эмес. Жаңы техника, керектүү шаймандар, коргоочу кийимдер биздин жумушту жеңилдетти», — деди ал.

Пример HTML-страницы

2019-жылы Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводда ири өрт чыгып, 3 адам күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми нефтебазага жакын жайгашкан 600 үйдөн 2000ден ашык тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️