Жалал-Абадда мас абалда унаа башкарган 54 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда бир апта ичинде 54 мас абалдагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, 15-июндан 22-июнга чейинки аралыкта жол кыймылын тескеген инспекторлор эреже бузган айдоочуларга 2123 административдик протокол түзүшкөн.

Апта ичинде белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаган 723 айдоочу аныкталса, 35 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок же унаанын техникалык паспорту жок башкарган. 49 айдоочу унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, унаа башкарса, 7 айдоочу уруксат кагазы жок унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатып алган. Ал эми спирт ичимдигин ичип алып, рулга ээ болгон 54 айдоочу аныкталган. Соңунда 113 унаа айып короо жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️