Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар спорттун 8 түрү боюнча күч сынашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын облустук 13-спартакиадасы өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, калаанын «Курманбек» стадионунда уюштурулган иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын жакындары катышты.

Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурсултан Рустамовдун айтымында, катышуучулар спорттун 8 түрү бонча күч сынашты.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы спартакиаданы жыл сайын өткөрүп келебиз. Быйыл ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 150 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мында спорттук иш-чарага облустук бардык район-шаарларынан 200дөй катышчуучу спорттун 8 түрү боюнча күч сынашты. Өз кезегинде мындай иш-чаралар аярлуу катмардагы инсандардын бири-бири менен пикир алмашып, коомчулук менен аралашып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратат», — деди Рустамов.

    Пример HTML-страницы
  • Жалал-Абад облусу боюнча бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 52 миң 766 жаран бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️