Жалал-Абадда кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-октябрда Жалал-Абад облустук Барпы театрында «Мыйзам сакчысы — кыргыз прокуратурасына 100 жыл» форуму өттү.

Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев жана прокуратура кызматкерлери катышты.

Облус башчысы жана шаар мэри прокуратура кызматкерлеринин 100 жылдыгы жана келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Биздин Жалал-Абад шаарынын өзүн эле ала турган болсок, шаардык прокуратура тарабынан кезинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир топ жерлер муниципалдык менчикке кайтарылды. Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы Достук кичи районунун Насирдин Исанов көчөсүнөн 432 чарчы метр жер тилкесин, Спутник кичи районунун Манас проспектисинен 200 чарчы метр жер тилкесин, Зулум Жамашев көчөсүнөн 250 чарчы метр жер тилкесин сиздердин жардамыңыздар менен кайтарып алууга жетиштик», — деди Эрнис Ормоков.

Форумдун жүрүшүндө жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы сахналаштырылган чыгарма, прокуратура кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️