Жалал-Абадда Куран жарыш сынагы өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда Куран жарыш сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти.

Маалым болгондой, сынактын жалпы байге фонду 690 миң сомду түзөт.

«Жыл сайын Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты тарабынан Куран жарыш уюштурулуп келет. Быйыл өткөрүлүп жаткан сынак өмүрүн агартуу тармагына арнаган Абдижалил Ормоковдун жаркын элесине багышталган. Ага облустан 23 кары тандалып алынып, курандын 10, 20, 30 паралары боюнча күч сынашып жатышат. Сынактын байге фонду 690 миң сомду түзөт. Катышуучулар Куранды кыраатын келтирип жана жатка айтуусун байкоо үчүн 5 кишиден турган калыстар тобу иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

Маркум Абдижалил Ормоков Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри Эрнисбек Ормоковдун атасы. Ал көп жылдар билим берүү тармагында эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️