Жалал-Абадда коомдук тартипти миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт

TurmushЖалал-Абадда Нооруз майрамында коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган кызматкерлерге саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Саптык кароодо милиция кызматкерлеринин жанында алып жүрүүчү каражаттары текшерүүгө алынды. Ошондой эле ОИИБдин жетекчилиги тарабынан майрам күнү ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөө зарылдыгы белгиленди.

Саптык кароонун соңунда кызматкерлерге майрам күнү көзөмөлдөөчү көчөлөр, коомдук жайлар жеткирилди.

Эске салсак 21-мартта Жалал-Абад облусунун аймагындагы коомдук тартипти миңден ашуун кызматкер көзөмөлдөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️