Жалал-Абадда канча чет өлкөлүк студент милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алды?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абадда быйыл жыл башынан бери 9201 жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчысы Акмат Самарбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы боюнча өлкө аймагында жашаган ар бир жаран камсыздандырылган болушу керек. Анын ичинде өлкөгө иштегени, билим алганы келген чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, качкындар, кайрылмандар жана башкалар. 2023-жылы облуста жалпы 1315 адам полис сатып алган болчу. Быйылкы жылы мыйзам күчүнө киргенден кийин биздин кызматкерлер базарларда, эл көп чогулган жайларда, массалык иш-чараларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатып, 7 айда медициналык полисти алган жарандардын санын 9201ге жеткирдик. Анын ичинен 1342си чет өлкөлүк студенттер.

Буга чейинки жылдары облус аймагына билим алуу үчүн келген студенттерди ММК полисин алдыруу маселе жаратып келчү. Калаадагы 5 жогорку окуу жайдын жетекчилиги берген маалыматта жалпы 2023 студент билим алат десе, Билим берүү министрлигинин маалыматында бул сан 2700дү түзчү. Мындан улам бул жылы сентябрь айында окуу жылы башталар замат камсыздандырууну колго алууну пландап жатабыз.

Бизди өкүндүргөн жагдай, коомчулукта дагы деле милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси тууралуу түшүнүк жок. Жакынкы күндөрү облустун алыскы аймактарына барып, эл, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, камсыздандыруунун артыкчылыктары жана кантип кайдан камсыздандырса болоору тууралуу түшүндүрүү иштерин алып баралы деп жатабыз. Мыйзамдын аткарылышына бир эле медкызматкерлер эле эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук аракет кылса жемишин бермек», — деди Самарбеков.

Пример HTML-страницы

Кыргыз Республикасынын жараны меилдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин 1840 сомго (12 айга), чет өлкөлүк жарандар 5955 сомго (6 айга) жана 11910 сомго (12 айга) ала алат.

Милдетүү медициналык камсыздандыруу полисти алган жарандар үчүн артыкчылыктар:

1. Амбулаториялык деңгээлде текшерүү, адистердин консультациясы, дарылоону дайындоо, эмдөөлөрдүү жүргүзүү, ийне сайуу (дары-дармектерди жана шприцтерди бербестен), базалык анализдерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү (12 түрү), кошумча анализдердин (42 түрү) жана изилдөөлөрдү жүргүзүү.

2. 50 % жеңилдик менен реабилитациялык жана физиотерапиялык жардамга, күндүзгү стационардын кызматтарына (дары-дармектерди, системаларды жана шприцтерди бербестен).

3. Мамлекеттик стационарларда орточо деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөөдө (840-1510 сомго чейин). Жеңилдетилген дары-дармек каражаттарына арзандатуулар, электрондук рецепт аркылуу 50 пайызга чейин арзандатуу менен алса болот.

Мындай жеңилдиктер мамлекеттик медициналык мекемелерде көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️