Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда кафеге берилген жер үчүн келишим түзүлгөн эмес. Прокуратура кылмыш иш козгоду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында Жер мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүү учурунда 2004-жылдын 25-февралында Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан «Жанетта» тамактануучу жайына 659 чарчы метр жер аянтын убактылуу пайдалануу үчүн бөлүп беришкен. Бирок жер аянтына ижара келишимдерин түзбөй, кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле жасашкан.

Анын кесепетинен 20 жыл аралыгында, тактап айтканда 2004-жылдын март айынан 2024-жылдын март айына чейин «Жанетта» кафеси менен ижара келишими түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу мамлекетке жалпысынан 3 млн 243 миң 668 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Жалал-Абад ШИИБге тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE