Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда издөөдө жүргөн жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун аймагында 24-25-февраль күндөрү «Чөнтөк ууру» аталышындагы ыкчам издөө иш-чарасы өткөрүлүп, 27-февраль күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен мүлк уурулуктарынын алдын алуу жана болтурбоо, уурулук фактыларына бөгөт коюу максатында уюштурулду. Аталган иш-чаранын алкагында базарларда, эл көп жүргөн жерлерде, коомдук транспорттордо жана буга чейин катталаган уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында ыкчам издөө иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде козголгон 4 кылмыш иштин бети ачылып, мурда бир нече жолу соттолуп издөөдө жүргөн 1 адам кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE