Жалал-Абадда эки негизги көчө оңдолгондон кийин пайдаланууга берилди. Аземге Камчыбек Ташиев катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында оңдоодон өткөн эки негизги көчө — Розы Азимов жана Султан Ибраимов көчөлөрү пайдаланууга берилди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаар тургундары катышты.

Розы Азимов көчөсүнүн узундугу 2737 метрди, туурасы 14 метрди түзөт. Учурда жолду асфальттоо иштери толук аяктады. Эми алдыда тротуар, жарыктандыруу жана темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жасалат.

Жолду реконструкциялоого республикалык бюджеттен 218,4 млн сом сарпталууда. Оңдоо иштерин «Амантур Строй Сервис» ЖЧКсы колго алган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Амантур Строй Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Токтоназаров Чынгыз Токтоназарович, түзүүчүсү — Жутанов Давлес Мэлисович. Компания 2022-жылы 18-июлда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: табигый асфальт жана битум казып алуу.

Пример HTML-страницы

Султан Ибраимов көчөсүнүн узундугу 1151 метрди, туурасы 14 метрди түзөт. Аталган көчөнүн асфальтын жаңылоого республикалык бюджеттен 68 млн сомго чукул акча каражаты жумшалды. Бул жолду «ВЕГА-СТРОЙ LTD» ЖЧКсы оңдоду.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «ВЕГА-СТРОЙ LTD» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Талантбек уулу Сыргак . Компания 2021-жылы 15-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак үй жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️