Жалал-Абадда дагы 22 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 22 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Назира Жакыпова билдирди.

Анын айтымында, шаар боюнча 25 баланын документи жок экени аныкталган.

«Үймө-үй кыдырып, маселелер менен жеринен тааныштык. Кыдыруунун алкагында 25 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталды. Алардын дээрлик баары үйдө туулгандар же ата-энесинин паспорттору, энесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктор. Юридикалык фактыларды аныктоо иштерин жүргүзүп, соттун чечими менен документтер берилди. Азыр дагы 3 баланын документтерин чогултуу иштери жүрүп жатат», — деди Н.Жакыпова.

Өткөн жылы 10 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️