Жалал-Абадда батирдин ижара акысы кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында азырынча Россиядагы мобилизациядан улам батирлердин ижара акысы массалык түрдө кымбаттаганы байкала элек. Бирок август айында калаадагы батирлердин дээрлик көбү 5-8 миң сомго чейин кымбаттаганын аймактык кабарчы билдирди.

  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын сентябрында Кыргызстанда Россиянын 22 миң 252 жараны каттоодон өттү.

  • Ал эми 2022-жылдын 21-сентябрынан тарта 3-октябрга чейинки аралыкта катталган россиялыктардын саны 10 миң 430 адамга жеткен. Бул сан 2021-жылдын ушул мезгилинде 6063 адам болчу.

    Пример HTML-страницы

  • Россиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда Россия Федерациясында жарым-жартылай мобилизациялоо жарыялаган.

Жалал-Абад шаарында батир ар кандай баада ижарага берилет. Батир берүүчүлөр менен жашоочулар өз ара сүйлөшүү менен оозеки келишип алышат. Батир ээси туугандарына, таанышына же такай жашагандарга башкаларга салыштырмалуу жеңилдик менен арзан берген учурлар деле бир топ кездешет.

Жалал-Абад шаарында жашап жаткан Гүлмайрам Бостонова жакын таанышынын 2 бөлмөлүү үйүнө 8 миң сом берип жашачу. Ал үй сатыла тургандыктан сентябрь айында жашап жаткан жайын которууга туура келген.

«Үй анчалык жакшы оңдолбогону менен жашаса болот болчу. Калаадан андай суммадагы бир да батир таппай койдум. Шаардын борборунда төрт дубалы эле бар эски үйлөрдө 1 бөлмөсү 8 миң сом экен. Аны да 10 миң сомго бере турганын айтты», — дейт ал.

Ал көтөрүлгөн маянасын үй-бүлөлүлөр батирге берип эле отуруп калышканын кошумчалады.

Калаадагы жогорку окуу жайда окуп жаткан студент Аяна Каныбекованын айтымында, алар жашап жаткан 3 бөлмөлүү батир 21 000 сом. Ал жерде 7 студент кыз баш калкалап, жашап жатышат.

«Батир акысы ар бирибизге айына 3000 сомдон айланат. Ар айдын аягы келгенде студенттерди кыйнаган батир акысы болот. Белгиленген күнү батир акысын кайдан болбосун таап беришибиз керек. Ата-энелерибиз эптеп таап келип беришет. Ошол нерселер баари бир бизди түйшөлтөт. Өз алдынча акча таап калсаң, анда ал башка болсо керек», — дейт ал.

Быйылкы жылдын август айында көпчүлүк батир акысын көбөйткөн. 10 миң сомдук батирлер 15 миң сомго, 15 миң сомдуктар 20 миң сомго көтөрүлгөн.

Бир бөлмөлүү шарты жок батирди 8 миң сомго тапса болот, бирок андай баадагы батирди табуу кыйын. Бир бөлмөлүү батирди айрым учурда гана 10 миң сомго табууга мүмкүн. Көбүнесе 13-14-15 миң сом айланасында берилүүдө.

Ал эми 2 бөлмөлүү батирлерди 15-20 миң сомго чейин табууга болот. Көбүнүн ижара акысы: 16-17-18 миң сом. Ал эми абалы жакшылары 20 миң сомго чейин барат.

3 бөлмөлүү батирлерди 15-25 мин сомдон тапса болот.

Жарнама менен иштегендердин айтымында, бүт шарты бар үйлөр 20 миң сомдун айланасында берилип жатат.

«Быйыл август, сентябрь айында батирге болгон баа бир аз өстү. Бишкектегидей бизде ажиотаж жок. Батирдин ижара акысын массалык көтөргөндөр байкала элек», — дешет радио түйүндө иштегендер.

Бишкек жана Ош шаарында батирлердин кескин кымбаттоосунан улам Жалал-Абад шаарында кечээ, 7-октябрда жыйын өттү. Бишкек шаарындагыдай батирдин ижара акысын кескин кымбаттаткандар болсо, Салык кызматын каттоого алуу, бул багытта батир ээлерине тушүндүрүү ишин жүргүзүү талкууланды.

Мэр Эрнис Ормоковдун айтымында, калаада мобилизациядан улам батирлерди кескин кымбаттатуу фактылары байкала элек.

«Социалдык тармактарда батирге байланышкан нааразычылыктарды көрүп жатабыз. Биз да өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша алдын алуу багытына көңүл бөлүү үчүн жыйын өткөрдүк. Батирлердин берилүүсү боюнча үй башчылары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бизде массалык түрдө батир акысын көтөрүү байкала элек. Мобилизациядан улам биздин шаарга келгендер да бар. Алар негизинен мурда бизде жашап кетип, Россиянын жарандыгын алгандар же тууган-уруктарына келгендер болуп жатат», — деди ал.

Расмий маалымат боюнча, калаада 258 батир ээси салык төлөйт.

Жалал-Абад шаардык мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдери болүмүнүн башчысы Алмазбек Мирзабековдун айтымында, 258 батирге патент алынган.

«Бир бөлмөлүү батирлерге 900 сомдон, 2 бөлмөлүүлөргө 1800 сомдон төлөнөт. Патент акысына 258 үйдөн 9 айда 3 миллион сомдон ашык акча каражаты түштү. Биз патент акысын алабыз. Батирге койгондордун пайдасына кийгилише албайбыз. Канча сомдон коюшат, аны батир ээлери билишет», — дейт ал.

  • Ижара акыны 30-35 миң сомго көтөргөндөр бар. Бирок алар саналуу гана учур. Калаада 200дөн ашуун көп кабаттуу үйлөр бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️