Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда балдар үчүн сынактар уюштурулуп, белек берилди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-июнда Жалал-Абад шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди.

Иш-чара Барпы театрынын алдындагы аянтта уюштурулуп, балдар үчүн спорттук мелдештер, сүрөт тартуу сынагы өтүп, таттуулар таратылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаардын жетекчилиги балдарды куттуктап, сынактарда жеңишке жеткен балдарга белектер тапшырылды.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде да уюштурулду. Мындагы иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев баштаган жетекчилер катышып, балдарды майрамы менен куттуктап, белектерди тапышырышты.

Ушундай эле майрамдык иш-чаралар шаардагы Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунда эмгектенген кызматкерлердин балдарына, «Ак-Бермет», балдар үйүндө жана «Акжол» реаблитациялык борборунун балдарына да уюштурулду.

Мындан сырткары 700гө чукул мүмкүнчүлүгү чектелген балага жергиликтүү бийлик тарабынан майрамга карата 500 сомдон акча каражаты которуп берилди. 2000ге чукул балага таттуулар, суусундуктар, тамак-аш жана балмуздактар берилди.

Жалал-Абад шаарында 18 жашка чейинки курактагы 44342 адам бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE