Жалал-Абадда автобус менен жүк ташыган унаа кагышты. Кырсык болгон жерден видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташыган унаа кагышты.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык кечээ, 27-октябрда калаанын Манас жана Р.Азимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Ал эми Жалал-Абад муниципалдык автобазасынын жетекчиси Автандил Максүтовдун айтымында, кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок.

«Жол кырсыгы кечээ саат 17:00 чамасында шаардык Спутник кичи районунда болду. Анда Манас көчөсүндө шагыл жүктөгөн «КамАЗ» каттуу ылдамдыкта келе жатып, жол чыракта кызыл жанып калганынан токтой албай, автобусту сүзгөн. Автобуста 2 жүргүнчү жана айдоочу болгон экен. Эч ким жараат алган жок. «КамАЗдын» айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бермей болду», — дейт Максүтов.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн аталган жол кырсык каттоого алынбаганын билдиришти.

Пример HTML-страницы

2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата президент Садыр Жапаров 50 автобусту белекке берген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️