Жалал-Абадда ара төрөлгөн балдардын көзүн текшерүүгө 500 миң сомдук аппарат берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасына ретиноскоп аппараты алынып берилди. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Кыпчак Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, эми ара төрөлгөн балдардын сокурдугунун пайда болуусун өз убагында аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аталган аппарат эл аралык уюмдардын колдоосу менен 500 миң сомго алынды.

«Буга чейин ретиноскоп жабдуусунун жоктугу бизге түйшүк жаратып келчү. Себеби айына жетпей ара төрөлгөн балдарда көздөрүнүн көрүүсү толук өрчүй электе төрөлүп, мындай шаймандар жоктугунан аларга диагноз коё албай келчүбүз. Мындан улам уюмдарга ушул көйгөй менен долбоор жазып, алардын каржылоосунда 500 миң сомго жабдуу сатылып алынып берилип. Аны иштетүү үчүн атайын бир адисти коңшу Казакстан өлкөсүнөн окутуп берди. Эми бул аппараттын жардамы менен ретинопатия сыяктуу коркунучтуу оорулардын эрте стадиясын аныктап, туура дарылоого мүмкүнчүлүк жаралды.

Жабдууну ишке киргизгенден бери бейтапкананын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндөгү 10 ымыркайды текшерип, алардын ичинен 4 балада илдеттин белгиси аныкталып, дарылана баштады. Буга чейин жабдуунун жана тиешелүү адистин жоктугунан ара төрөлгөн балдардын ата-энеси Бишкекке же чет өлкөгө барып келишчү. Кээ бир үй-бүлөлөрдө ал жакка барганга шарт болбой, балдар арасында сокурдук катталып жаткан», — дейт Токторбаев.

160 орунга ылайыкташкан облустук балдар клиникалык ооруканасында 9 бөлүм бар. Аларда жалпы 248 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 51и жогорку квалификациядагы дарыгерлер.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️