Жалал-Абадда алгачкы жолу милиция кызматкерлеринин бөбөктөрү үчүн бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда алгачкы жолу милиция кызматкерлеринин балдары үчүн балдар бакчасы ачылды.Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, 120 орунга ылайыкташкан №30 «Жеткинчек» балдар бакчасы калаанын Кашкин көчөсүндө жайгашкан. Ал имарат мурдагы Жалал-Абад ШИИБдин имараты болуп, аны реконструкциялоо жана балдарга ылайыкташкан эмеректерди сатып алууга 50 млн сом акча жумшалган. Каражат ИИМ тарабынан каржыланган. Мекеменин ачылышына ички иштер министриУлан Ниязбеков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өздүк курам катышты.

Министр У.Ниязбеков буга катар эле оңдоп-түздөөдөн өткөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, Жалал-Абад ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын жана Жалал-Абад ОИИБдин Медициналык кызматынын имараттары менен таанышты. Бул кызматтардын имаратынын курулушуна да каржылоо Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, ал үчүн 118 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️