Жалал-Абадда алгачкы жолу көк бөрү боюнча мэрдин кубогу өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (тизме, сүрөт)

TurmushБүгүн, 9-апрель күнү Сузак районундагы «Телтору» ат майданында Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Мэрдин кубогу үчүн Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын, шаардык кеңештин, аймактык башкаруулардын атынан жалпы 7 команда ат салышты.

Спорттук иш-чарада шаар мэри Эрнисбек Ормоков улуттук оюндарды, анын ичинде көк бөрү оюнун өнүктүрүү, жаштарды спортун бул түрүнө кызыгуусун дагы да арттыруу максатында кубок өткөрүүнү демилгелегенин баса белгилеп, мындан ары улуттук оюндарга жыл сайын өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Көк бөрү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогун шаардык кеңештин атынан чыккан команда жеңип, кубок жана баш байге 50 миң сомго ээ болду. 2-орунду Жалал-Абад бажылык борборунун атынан чыккан команда камсыздап, 30 миң сом акчалай сыйлык алды. 3-орунду «Жалал-Абад сууканал» башкармалыгынын командасы жеңип, 20 миң сом байгеге ээ болгон болсо, 4-орунду «Дост-Курулуш» компаниясынын командасы ээлеп, 10 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми Тайгараев аймактык башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин, Жалал-Абад ШИИБдин командалары атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартышты.

Мэрдин көк бөрү боюнча кубогунда мыкты оюнчу наамы жана акчалай сыйлык оюндарда өзгөчөлөнгөн Арген Абдуллаевге ыйгарылды.

Пример HTML-страницы

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча мэрдин кубогу Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️